Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-майы № 52/12/27
Жер маселелери боюнча башкы адис К.Байсеркеевдин КРнын Жер кодексинин 32-беренесине ылайык, тиричилик калдыктарынын таштандандылары үчүн убактылуу пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айылындагы №195 контурунда жер тилкесин тиричилик калдыктарынын таштандандылары үчүн бир жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана токой чарбасынын алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо Чүй, Бишкек- Талас аймактык башкармалыгына тиешелүү уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн Люксембург айыл өкмөтү тарабынан кат жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Тентишевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |