Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛАСТЫ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫН КЕНЕШИНИН ХХVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ЭКИНЧИ СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 19-январы № 9/II-27
Ысык-Ата райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 18.03.2016-жылдагы № 86 катына ылайык, Ново-Покровка айыл аймагынын участкалык ветеринардык дарыгери Ж.А. Жамангуловдун “Ооруларды алдын алуу, эпизоотияга каршы иш чараларды аткаруудагы акы төлөмүн карап, бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Ново-Покровка айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ооруларды алдын алуу, эпизоотияга каршы иш чараларды аткаруудагы акы төлөмү тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ново-Покровка айыл аймагынын участкалык ветеринардык дарыгери Ж.А.Жамангуловго жүктөлсүн.
Төрага | Абдыкеримов Э.М |