Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛАСТЫ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫН КЕНЕШИНИН ХХVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН БЕШИНЧИ СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 13-марты № 11/V-27
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 13-беренесинин негизинде, Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы О.В.Сергиенконун “2016- жылдын бюджетин аткаруу жана 2017-жылдын бюджетин бекитүү жана 2018-2019 жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндөгү” маалыматын угуп жана талкуулап Ново-Покровка айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин: Ново- Покровка айыл өкмөтүнүн 2017–жылга жергиликтүү бюджетинин планы 24 088 миң сом
*киреше бөлүмү боюнча 23 488,0 миң сом
* чыгаша бөлүмү боюнча 2017 жылга 23 488,0 миң .сом
Анын ичинен бөлүмдөр:
башкаруу аппараты – 4 948,3 миң сом
билим берүү – 4 554,2 миң сом
социалдык камсыздандыруу 1370,0 миң сом
ЖКХ – 11 278,7 миң сом
Китепкана – 399,0 миң сом
Клуб - 937,8 миң сом
* киреше боюнча атайын каражат 600,0 миң сом
* чыгаша боюнча атайын каражат 600,0 миң сом
Анын ичинен бөлүмдөр
Башкаруу аппараты 253,8 миң сом
Билим берүү (бала бакча) 346,2 ми4 сом
2. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү № 1 тиркемеге ылайык түшкөн кирешелердин эсебинен чогултулат .Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2017-ж. жергиликтүү бюджеттин чыгашасын каржылоо №2,№3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2017-жылы бюджетке салык агенттеринин жеке киреше салыгынын нормативдик түшүүлөрү 50 пайыз чегинде, сатуудан түшкөн салык 50 пайыз, жер казынасынан түшкөн пайыз 50 пайыз болуп бекитилсин
4. Жактырылсын Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга бюджетинин негизги параметрлери боюнча болжолу
- 2018-жылга киреше жана чыгашанын болжолунун суммасы-24 662,0 миң сом
- 2019- жылга киреше жана чыгашанын болжолунун суммасы- 25 895,0 миң сом
5. 2017-жылга каржылоо чыныгы чогулткан кирешеге жараша болоору аныкталсын.Анын ичинен биринчи кезекте коргонгон беренелер боюнча чыгашалар (эмгек акы, социалдык фондго төлөм, тамактануу,коммуналдык тейлөө) каржылансын
6. Штаттык сандагы бош орундардын азайып же көбөйүшү муниципалдык мекемелерде кабыл алынган нормативдик актыларга байланыштуу , корголгон беренелердин чыгашалары азайышы же көбөйүшү мүмкүн.
7. Чыгаша беренесин максаттуу колдонуу жоопкерчилиги муниципалдык мекемелерге жүктөлөт.
8. 2016-жылда толук каржыланбай калган чыгашалар 2017-жылдын бюджетинде каралган бөлүнгөн каражатка жараша ( ассигнованиенин чегинде) жана анын эсебинде компенсациялансын.
9. Бекитилген бюджеттик каражаттардан жана атайын каражаттарынын сметасынан ашык түшкөн каражаттар, толугу менен айыл өкмөттүн карамагында калат.
10. Бюджеттик атайын каражаттарды казына тутумунан өтүп пайдаланууга тыюу салынсын.
11. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысына ашык болжолдонгон кирешелердин түшүшүнө, кирешенин чыгашадан көп болушуна байланыштуу 2017-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен берилсин.
12. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономиканы бөлүмүнө жергиликтүү бюджетти аткаруу маалында, киреше бөлүмүн ашыкча аткарууда түшкөн ашыкча каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык иштерди аткаруу, улуттук жана социалдык программаларды ишке ашыруу, Өкмөттүн токтомдорун, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, Ново-Покровка айылдык Кеңештин токтомдорун, муниципалдык кызматкерлерди сыйлоого, коммуналдык тейлөө төлөмдөрүн жабууга, зарыл убакта өзгөчө кырдаалдын абалын жок кылууга, ЖӨӨБ убактылуу каржылык жардамга, жана башка сатып алууларга жана чыгашаларга пайдалануу каралсын.
13. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмү Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ч.Кыдыкев менен биргеликте:
- муниципалдык кызматкерлердин эмгегин стимулдаштырууга жана социалдык колдоо көрсөтүүгө, бош калган каржылардын эсебинен кредиттерди көбөйтүүгө жол берилсин.
- жыл башында бош калган каржы каражаттардын эсебинен 5 айлык маянанын өөлчөмүндөгү эмгек акы ( Нооруз, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү, өзүн-өзү башкаруу күнү, жарым жылдык жана жылдын жыйынтыгы) төлөп берүү каралсын.
14. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо тиричилигин жакшыртуу максатында арыздардын келип түшүшүнө жана турмуш тиричилиги изилденгенден кийин 3000 сом эсебинде материалдык жардам көрсөтүлсүн, ал эми калган шарттарда каржылоо шартка жараша көбөйтүлсүн.
15. Жеңилдик берлген категориядагы жарандарды куттуктоого 3000 сом өлчөмүндөгү жардам көрсөтүлсүн.
16. Өндүрүштүк керектөөлөргө байланыштуу айыл өкмөттүн кызматтык автоунаасына 240 литр лимит берилип, күйүүчү-майлоочу майлары менен жана башка транспорттук тейлөөлөрү менен 2017- бюджеттик жылга пайдалануу каралсын.
17. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысында жергиликтүү бюджеттин эсебинен сыйлоо жана кызматтык эмгек акыны бекитүү, муниципалдык кызматкерлерге жана жумушчуларга кошумча акы чектөө укугу сакталсын.
18. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн аппаратынын эмгегин стимулдаштыруу максатында жыл башында бош калган каржы каражаттарынын эсебинен тамак-аш үчүн күнүнө 150 сом төлөп берилсин.
19. Мектепке чейинки мекемелерге (Сары-Жон айылындагы бала бакча) жергиликтүү бюджеттен тамак-ашка карата норматив ар бир балага күнүнө 50 сом суммасында 2017-жылга бекитилсин
20. А.Сакебаев атындагы орто мектебинин алдындагы бала бакчада иштеген ата-энелердин балдарына бала-бакчанын тамак-аш төлөмү 50% жеңилдик менен төлөнсүн.
21. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетин аткарууда киреше боюнча 25 604,2 миң сом суммасында, чыгаша боюнча 22 731,5 миң сом, жылдын аягындагы калдык 3590,8 миң сом, киреше боюнча атайын каражат 508,6 миң сом, чыгаша боюнча 424,2 миң сом, жыл аягында каражат калдыгы 284,4 миң сом.
22. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ново-Покровка айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абдыкеримов Э.М |