Редакцияот 28.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧҮЙ ОБЛАСТЫ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫН КЕНЕШИНИН ХХVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН АЛТЫНЧЫ СЕССИЯСЫ

2017-жылдын 28-апрели № 16/VI-27

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин убактылуу ижарага түздөн-түз берүү жөнүндө

 

Сары-Жон айылынын тургундарынын арызын жана Ново-Покровка айыл аймагынын башчысынын “ Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен Сары-Жон айылындагы социалдык жактан корголгон кем-карчтуу үй-бүлөлөлөргө жана мугалимдерге, ФАПтын кызматкерлерине түздөн-түз берүү жөнүндө” расмий кайрылуусун карап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы № 243 токтому менен бекитилген "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” типтүү жобонун 4 бөлүгүнүн 69 пунктунун негизинде,

Ново-Покровка айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен Сары-Жон айылындагы социалдык жактан корголгон кем-карчтуу үй-бүлөлөлөргө жана мугалимдерге, ФАПтын кызматкерлерине жалпы аянты 52 га, анын ичинен 143-контурдан 32 га сугат жер, 145-контурдан 20 га анын ичинен 10 га кайрак, 10 га сугат жер 1 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдалануула берилсин, ижара акысы 1га 900 сом.

2. Ново-Покровка айыл өкмөтү менен келишим түзүлсүн.

3. Салык, социалдык чегерим жана ижара төлөмдөрү боюнча жооптуу болуп К.Мамыркулов шайланды.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн жерди жайгаштыруу боюнча башкы адиси Н.С.Муратовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Абдыкеримов Э.М