Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛАСТЫ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫН КЕНЕШИНИН ХХVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ЖЕТИНЧИ СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 5-июлу № 24/VII-27
Ново-Покровка айыл аймагынын мусулман жана христиан көрүстөнүндө каза болгондорду жайга коюу көбөйгөнүнө байланыштуу, ошондой эле жергиликтүү Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын акыны көбөйтүү жөнүндөгү сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде
Ново-Покровка айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ново-Покровка айылдык округдун мусулман жана христиан көрүстөнүндө сырттан келген жарандарды жайга коюу орунунун акысы 50 миң сом суммасында (элүү) бекитилсин.
2. Ново-Покровка айыл аймагында туулгандарга жана алардын жакын туугандарына тастыктоочу документ бар болгон учурда 25000 (жыйырма беш миң сом).
3. Жергиликтүү жарандарга акысыз
4. Ново-Покровка айылдык аймагынын Кеңешинин бюджеттик комиссиясына квартал сайын текшерүү жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл аймагынын башчысы М.Ч.Кыдыкеевге жүктөлсүн.
Төрага | Абдыкеримов Э.М |