Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
10-сессия
2018-жылдын 21-июну № 48/X-27
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 12-июнундагы №01-14/341 Д.П.Зубков атындагы №1-КГОМнин “МИС” ААКна 2013-жылдан тартып 2018-жылдын 24-апрелине чейин колдонгон электроэнергиясына карызы жөнүндө катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча калган бош калдыктан Д.П.Зубков атындагы №1-КГОМнин электроэнергияга болгон карызын жоюу үчүн 311781,04 (үч жүз он бир миң жети жүз сексен бир) миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2018-жылдын 3-сентябрына чейин Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |