Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
10-сессия
2018-жылдын 21-июну № 49/X-27
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 11-июнундагы №01-14/355 “Кант-Тазалык” муниципалдык ишканасы үчүн кошумча атайын техниканы короолорду көрктөндүрүү бөлүгүнүн сметасынын бош каклдыгынан тартуу боюнча катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы “Кант-Тазалык” муниципалдык ишканасы үчүн кошумча атайын техниканы короолорду көрктөндүрүү бөлүгүнүн сметасынын 2018-жылдын башындагы бош калдыгынан 3500,0(үч миллион беш жүз) миң сом өлчөмүндө тартып берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2018-жылдын 1-сентябрына чейин Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |