Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
10-сессия
2018-жылдын 21-июну № 50/X-27
Кант шаардык кеңешинин биргелешкен отурумунда туруктуу комиссияларынын “ООСЗН”ди шаардык Маданият үйүнө которуу жана №20-ББУда кошумча тайпаны ачуу жөнүндө чечимин карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясына:
-шаардык Маданият үйүнөн “ООСЗН”дин ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн бош имарат таап берилсин;
-имараттын ичи косметикалык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлсүн.
2. “ООСЗН”дин төрайымы – Л.М. Акчуринага:
-2018-жылдын 1-августына чейин №20-ББУнун имаратын бошотуп берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2018-жылдын 6-августуна чейин Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына (Абинов Р.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |