Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
10-сессия
2018-жылдын 21-июну № 52/X-27
Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары менен биргеликте өткөргөн отурумунун Эмен багын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин балансынан Кант шаарынын мэриясынын балансына Р-1 (шаардык сейил бак аймагында) өткөрүү чечимин карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы:
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иш жүргүзүлсүн:
-бардык ылайыктуу документтер даярдалсын жана Эмен багы Кант шаардык мэриясына Р-1(шаардык сейил багы аймагында) категориясында кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө 2018-жылдын 1-октябрына чейин Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, комуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |