Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
10-сессия
2018-жылдын 21-июну № 54/X-27
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарда чакан жана орто шаарлардын жылуулук берүү системасын өнүктүрүү боюнча Программасынын” алкагында, ошондой эле шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаарынын мэриясынын 06.06.2018-ж. №01-14/326/1, Кант шаарындагы Гагарин көчөсүндөгү жер тилкесин от казандарын куруу үчүн бөлүп берүү боюнча катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы Кант шаарындагы Гагарин көчөсүндөгү “Ц-1” (шаардын борбордук аймагы) аймагында жайгашкан жер тилкесин газ менен жылытуу от казандарын курууга бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө 2018-жылдын 1-октябрына чейин Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, комуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |