Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 3/2
Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысы Алыбаев Э.М. жана Жайыл ПССУ директору Э.Сагыналиеванын кайрылуусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын: “ Муниципалдык менчик мүлкү жөнүндө”, “ Жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Закондорунун негизинде, Красный Восток айылдык Кеңешинин
ТОКТОМУ:
1. 1947-жылы саман дубалдан курулган, бир кабаттуу 11 турак жайын Красный Восток айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Красный-Восток айыл өкмөтүнүн башчысы Алыбаев Э.М. керектүү баардык кагаздарды даярдап, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Эмгек жана социалдык өнүүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын алдындагы Мамлекеттик мүлктүү башкаруу фондусуна, милдеттүү түрдө жолдомо каты менен кайрылсын.
3. Токтом, мамлекеттик нормативдик актыларынын реестрине киргизиш үчүн областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомду ММКда жарыяласын.
5. Токтомдун иш жүзүнө ашырылышы, туруктуу социалдык суроолорду чечүү комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага | Б. Закиров |