КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 5/1
“Кызыл-Суу” таза ичичүүлөрдүн коомунун айып пулун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 14, 17 чечимдерине ылайык, жана “Кызыл-Суу” таза суу пайдалануучуларынын айылдык коомунун бухгалтери Ш.Айталиеванын берген маалыматын угуп, Калининское айылындагы суу түтүктөрүн оңдоо жана ичкен сууну туура пайдалануу боюнча Красный Восток айылдык Кеңешинин отуруму төмөндөгүдөй Токтом кабыл алат:
1. ”Кызыл–Суу“ таза суу пайдалануучуларынын айылдык коомунун сунушталган айыптарын төмөндөгүдөй бекитет:
- короолорун күндүз сугаруу, жайкы мезгилде -3000 (үч мин )сом
- суу берилүүчү түтүктөрүнүн бузулганын оңдобосо-1500 (бир мин беш жүз) сом.
- таза суу ичүчүүлөр, суу түтүгүнө коюлган пломбаларды бузса -3000 (үч мин) сом
2. Ушул Токтом Красный Восток айыл аймагынын сайтында, жана массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын мамлекеттик укуктук актыларын тизмесинде каттодон өткөндөн кийин өз күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Красный Восток айылдык Кеңешинин социалдык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Закиров |