Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 5/2
Красный Восток айыл аймагынын “Мин-Төкүм” жайыт колдонуучулар коомунун төрагасы Д.Рысалиевдин, жайыт колодонуу төлөмүн бекитүү жөнүндө берген маалыматын угуп, Красный Восток айылдык Кеңешинин отуруму токтом кабыл алат:
1. Жайыт колдонуучуларга, шаарда же башка аймактарда жашагандар үчүн:
-ийри мүйүздүү мал-100сом бир башка.
-койлор жана эчкилер -25сом бир башка
-жылкылар -100 сом бир башка
2. Красный Восток айыл аймагынын жайыт колдонуучуларына мурунку төлөмдөр сакталсын, ийри мүйүздүү малга жана жылкыга 70сом бир башка. Кой жана эчкиге -15сом бир башка.
3. Жайыт пайдалануучулар коомунун бухгалтерине түшкөн каражаттарды Красный Восток айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешеси болуп саналсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кенештин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Закиров |