КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 5/3
Жайыт комитетинин айлык-акысын бекитүү тууралуу
Красный Восток айыл аймагынын “Мин -Төкүм”жайыт комитетинин төрагасынын жана эсеп-кысапчысынын айлык акыларын бекитип берүү боюнча Жайыт комитетинин төрөгасы Д.Ж Рысалиевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар боюнча” Мыйзамынын 10-беренесинин 6-бөлүгү жана 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде, Красный Восток айылдык Кеңешинин отуруму Токтом кабыл алат:
1. ”Мин - Төкүм” Жайыт комитетинин төрөгасынын жана эсеп –кысапчысынын айлык-акылары ,штаттык тартибине ылайык бекитилсин;
- жайыт комитетин төрагасыныкы - 5000(беш миң )сом
- эсеп-кысапчысыныкы - 3000(үч миң )сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кенешинин жер комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Б. Закиров |