Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-январы № 13
Өзгөрүш айыл аймагындагы Кайра бөлүштүрүү фондусуна тигилген 22га көп жылдык теректердин ижара акылары жана суюлтуу үчүн кыйыла турган теректерди сатууну көзөмөлдөө жөнүндө Өзгөрүш айыл аймагынын Кеңешинин VI-чакырылышынын 1-сессиясында карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл аймагындагы КБФнын жерине тигилген 22 га көп жылдык теректерге мындан ары кайрадан жаңы келишим түзүлүп, токой чарбасына кыйылган теректердин 30% пайызы, ижарачыга 30% пайызы жана айыл өкмөткө 40% пайызы бөлүштүрүлсүн.
2. Мындан аркы ар бир гектар теректин ижара акысы 500 сомдон чегерилип, ижараны соц фонду, налогду төлөө жагы ижарачыга жүктөлсүн. Ар жылдын теректерди сугарууга кеткен чыгымы айыл өкмөтүнөжүктөлсүн.
3. Кыйылган теректердин ар бир кубу баштапкы баасы 30000 сомдон башталсын жана андан жогорусу келишим баада болсун.
4. Кыйылган теректерди сатууну жанга салуу үчүн төмөнкү аты жазылган комиссия курамына жүктөлсүн:
1. Р.Садыров;
2. Д.Толошов;
3. Э.Тилемишов;
4. К.Кенекеев.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Бечелов |