Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-марты № 3
Өзгөрүш айыл аймагынын тургундарынын арыздарынын негизинде өздөрүнө тиешелүү жер үлуштөрүн толуктап жана өз ордуна жайгаштыруу боюнча Өзгөрүш айылдык Кенешинин 2014 жылдын 25 мартындагы болуп откон 4-сессиясында карап чыгып Өзгөрүш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Тыныстановдун 1 га жер үлүшү жетишпегендигине байланыштуу 698 контурдан 1 га жер бөлүнүп берилди.
2. Д.Эргешбаевге 948 контурдан 1,17 га жер бөлүнүп берилди.
3. М.Торокуловго 950 контурдан 0,90 сотых жер бөлүнүп берилди.
4. Токтомдун аткаруу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын жер адиси К.Кенекеевге жана жер комитетине жүктөлсүн.
5. Токтомдун көзөмөлгө алуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |