Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-апрели № 2
Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 6 чакырылыштагы депутаттарынын 2014 жылдын 11-мартындагы мартындагы 5-сессиясы, балдар бакчасынын башчысы М. Эралиеванын балдар бакчасын толук капиталдык ондоодон өткөрүү боюнча демилгесин угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айылдык округунун балдар бакчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун сметасынын жалпы суммасы 3369851 (үч миллион үч жүз алтымыш тогуз миң сегиз жүз элүү бир) сомду түзгөндүгү белгиленсин.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы тиешелүүөздүк салымдын 184926 (бир жүз сексен төрт миң тогуз жүз жыйырма алты) сому накталай акча түрүндө айыл округунун 2014-жылдагы бюджетинде көрсөтүлгөн үлүштүк грантка деген сумма которулсун.
4. Мындан сырткары, өздүк салымдын калган 50%ы болгон 184925 (бир жүз сексен төрт миң тогуз жүз жыйырма беш) сомду материал жана эмгек ресурсу менен камсыз кылуу жагы айыл округунун башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышынкөзөмөлгө алуу жагы айыл округунун башчысына тапшырылсын.
Төрага | Т. Бечелов |