Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-апрели № 3
Өзгөрүш айыл аймагындагы «Ыйман» бала бакчасындагы тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринин өздүк салымдарын Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн кассасы аркылуу төгүү жөнүндө Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын 5 сессиясында карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл аймагындагы «Ыйман» бала бакчасындагы тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринин өздүк салымдарын Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн кассасы аркылуу төгүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Э.Батыркановага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |