Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-сентябры № 2
2014-жылдын бюджетине киргизилген жылдык пландан ашык түшкөн кошумча киреше булагын планга киргизүү менен ал суммага чыгымдоо боюнча айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып талкуулап Өзгөрүш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “АРИС” долбоору аркылуу келишимдин негизинде айылаймагына берилип жаткан техника (эксковатор) үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 165,0 (бир жүз алтымыш беш миң) сом өздүк салым катара которулуп берилсин.
2. Каражаттын булагы болуп ушул күнгө карата бекитилген жылдык пландан ашык түшкөн төмөнкү жергиликтүү киреше булактары эсептелсин:
- ыктыярдуу патент боюнча - 61000 сом;
- унаа каражат ээлеринен алынуучу салык - 33200 сом;
- юстиция органдары тарабынан алынуучу төлөм – 15000 сом;
- администрациялык айып'сапуу боюнча – 55800 сом.
3. Ошол эле мезгилде жергиликтүү, киреше булактарынын :айрым түрлөрү болгон: айыл чарба багытындагы жер салыгы, сатуудаи алынуучу салык, кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин арендалык төлөмдөрүнүн пландары аткарылбай келе жаткандыгына байланыштуу бюджеттин чыгашабөлүгүнүн аткарылбай калышы мүмкүн экендиги белгиленсин.Андыктан айыл өкмөтү (башчысы Э.Ниязалиевге) жогоруда аталган киреше булактарынын жылдык пландарына толук аткарууну камсыз кылуу милдеттендирилсин.
4. АРИСке бөлүнгөн 165000 сом боюнча кошумча смета түзүлүп, ТЖБ бөлүмүнүн 31121290 статьясына киргизүү менен райондук каржы жана казына бөлүмдөрүнө тапшыруу милдети финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы – бухгалтери Э.Батыркановага тапшырылсын.
Төрага | Т. Бечелов |