Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-августу № 65/XXIII – 3
Ичүүчү суунун үзгүлтүктүү берилишинин себеби короо-жай участокторун ичүүчү суу менен сугарууда, ичүүчү суу менен сугарууну тыюу максатында, Кайынды шаарынын кененинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайынды шаарынын аймагында ичүүчү суу менен короо- жай участокторун сугаргандыгы үчүн айып санкциялары киргизилсин:
· 1 жолу – 1000 сом айып
· 2 жолу – 1500 сом айып
· 3 жолу – 2000 сом айып
· ичүүчү суу менен сугаруу байкалса сугат шлангаларын конфискациялансын
2. Ичүүчү суу менен 3 жолу сугаргандыгы катталса, суу эскертүүсүз кесилсин.
3. Кайыңды шаарынын мэриясында коммуналдык кызматтары үчүн төлөбөгөндөргө баардык берилүүчү аныктамаларды берүүгө тыюу салынсын.
4. Айыптык санкциялардын суммасы Кайынды шаарынын мэриясына караштуу МП «Каинды Сервистин» бюджетине түшүшү керек.
5. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет
6. Кайынды шаардык кенешинин 2014 - жылынын 25 июнундагы №71/XVIII-7 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайынды шаардык кенешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |