Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 18/ V –27
Каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Д.О.Эгемкуловдун негизги атайын эсеп боюнча “Эркин калдыктардын эсебинен сметаны кеңейтүү жөнүндө” маалыматын карап чыгып жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эркин калдыктардын эсебинен жолдун чуңкурларына асфальт толтуруу иштери, Буденовка орто мектебинин, айыл өкмөтүнүн имаратынын терезелерин алмаштыруу, долбоорлук сметалык документтештирүүнү түзүү үчүн келишимге ылайык эмгек акылар-жалпы 1758,0 (бир миллион жети жүз элүү сегиз миң ) сом өлчөмүндө негизги эсеп боюнча насыялык ассигнациялоо кеңейтилсин.
2. Эркин калдыктардын эсебинен спорт аянтчасын курууга 69,0 (алтымыш тогуз миң) сом өлчөмүндө негизги эсеп боюнча насыялык ассигнациялоо кеңейтилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |