Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 19/ V –27
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-жана 13-беренелерине ылайык Кеңеш айылына балдар аянтчасын курууга муниципиалдык менчиктен жер тилкесин бөлүп берүү боюнча, Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2017-жылдын 21-апрелиндеги жыйынтыгы, 25.04.2017-ж. №53/53 шаар курулушунун жыйынтыгын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтү Кеңеш айылы, Токбаев көчөсүндөгү номери жок жалпы аянты 400,0 кв.м. жер тилкесин балдар аянтчасын курууга муниципиалдык менчиктен кабыл алсын.
2. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан аталган жер тилкесин Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине берүүнү өтүнөт.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |