Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 20/ V –27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун Кеңеш айылындагы маданият үйүнүн жана айыл өкмөтүнүн имаратына тосмо орнотуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылындагы маданият үйүнүн жана айыл өкмөтүнүн имаратына тосмо орнотулсун.
2. Тосмо орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы В. Гарбузнякка жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |