Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 26/ V –27
Бюджеттик каражаттардын эркин калдыктарын сарамжалдуу пайдалануу максатында Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Негизги эсеп боюнча эркин калдыктарды бекитүү.
А) айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине демилге-шык берүү максатында бардык кошумчасы менен бир айлык эмгек акынын ченеминде эмгек жамаааттын келишимине ылайык “Нооруз” майрамына, мам.тейлөө бөлүгү 2111-статясынан 23,8 сом сый акы берилсин
Б) көчөлөрдү жарыктандырууга ТЖКЧсы бөлүгүнүн 2121-статьясы боюнча 956,7 миң сом бөлүнсүн.
В) асфальтталган жолдордун чуңкурларына оңдоо иштерин жүргүзүүгө ТЖКЧсы бөлүгүнүн 2121-статьясы боюнча 582,0 миң сом бөлүнсүн.
Г) санитардык тазалоо жана жашылдандырууга ТЖКЧсы бөлүгүнүн 2115-статьясы боюнча 43,4 миң сом бөлүнсүн.
2. Эркин калдыктар атайын эсеп боюнча бекитилсин:
А) Кеңеш, Д.Курманалиев айылдарындагы балдар аянтчаларын куруу долбоорун колдоо үчүн ТЖКЧ бөлүгү боюнча 2221-статьясынан 69,0 сом бөлүнсүн.
Башка жерлерден жайытка трансформациялоого руксат берилсин.
Б) Д.Курманалиев айылындагы көпүрөнүн курулушуна ТЖКЧ бөлүгү боюнча 2221-статьясынан 406,2 сом бөлүнсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |