КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-майы № 31/ VI –27
Аппарат кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык жана атайын чендери үчүн үстөк өлчөмдөрүн көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.03. 2017-жылдагы № 131- “Кыргыз Республикасынын мамлекетттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, аппарат кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык жана атайын чендери үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрүн көбөйтүү үчүн акча каражатын бекитип берүү сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен аппарат кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык чин жана атайын чендери үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрүн көбөйтүү үчүн акча каражаты бекитилсин.
2. Үстөктөрдүн өлчөмүн көбөйтүү 2017-жылдын 1-мартынан тартып эсептелип, аппарат кызматкерлерине төлөнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |