Бишкек шаары, Өкмөт үйү2005-жылдын 17-июну № 242 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жеке турак жай куруу үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдыкмаселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жеркодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттикадминистрациясынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагыАламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн Айыл чарбажерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин 150,0 га сугатайдоосун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан«Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндөЖер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган сунушу кабыл алынсын. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аянты 100,0 гажер Бишкек шаарынын мэриясына жана аянты 50,0 га жер КыргызРеспубликасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунунПригородный айыл өкмөтүнө андан ары жеке турак жай куруугаберүү үчүн өткөрүп берилсин. 3. Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз РеспубликасынынЧүй облусунун мамлекеттик администрациясы: - жер участкаларын берүүнү Кыргыз Республикасыныннормативдик укуктук актыларында белгиленген тартиптежүргүзүшсүн; - бөлүп берилген жер участкаларына курулуш куруудолбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгышсын; - жерлерди натуралай бөлүп берүүнү айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйнагандан кийин жүргүзүшсүн; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүүөзгөртүүлөрдү киргизишсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржайкомплексин өнүктүрүү жаратылышты пайдалануу бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев