Редакцияот 17.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 17-майы № 32/ VI –27

Администрациялык комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык, айыл өкмөтүндө администрациялык комиссиянын курамын бекитүү сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн администрациялык туруктуу комиссиясы төмөнкү курамдан бекитилсин:

- Суюнтбекова Л.-жооптуу катчынын милдетин аткаруучу – төрайымы;

- Адиков С.-жетектөөчү адис – катчысы;

- Исаков Т. –айыл башчысы;

- Казабаев Б. –айыл башчысы;

- Узакматов Ф. –участкалык инспектор;

- Будайчиев С. –аксакалдар сотунун төрагасы;

- Элгондиев А. –АК депутаты;

- Карагулаков М. –ИСКАКБ мүдүрү;

- Тыныстанов Р. – АК депутаты.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага

А. Албекенов