Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 35/ VII –27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкулов тарабынан ветеринардык кызматтын төлөмдөрү өтө жогорку баада тургандыгын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ветеринардык кызматтын төлөм прейскуранты кийинки сессияга даярдалсын, кийинки сессияга даярдап келүү жетектөөчү адис И. Сулеймановго милдеттендирилсин.
2. Мал үчүн бериле турган ветеринардык күбөлүк баракчасы ийри мүйүздүү мал үчүн (уй, кунаажын, торпок ж.б.) 1 башына 50 сом, ал эми жылкы (ат, бээ, жылкы, тай, кунан) үчүн 1 башына 50 сом, бодо мал үчүн 1 башына 10 сом болуп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |