Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 37/ VII –27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкулов тарабынан 2017-жылдын 23-июнундагы катуу шамалдын кесепетинен Буденовка айылындагы “Нур-Наристе” мектепке чейинки балдарга билим берүү мекемесинин чатыры учуп кеткендиги тууралуу жана чатырды жабуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Нур-Наристе” мектепке чейинки балдарга билим берүү мекемесинин чатыры толугу менен оңдоп-түзөлсүн жана оңдоо иштерине айыл өкмөтүнүн бюджетинен 300,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын кароо каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | А. Албекенов |