Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 38/ VII –27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкулов тарабынан Панфилов, Пушкин жана Кенеш айылындагы Токбаев, Кочкорбаев көчөлөрүнүн тургундарынын кайрылуусуна ылайык, айыл ичиндеги ички асфальт жолдорго автоунаалардын ылдамдыгын азайтуучу тосмолорду коюу сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Буденовка айылындагы ички жолдор Панфилов, Пушкин асфальт көчөлөрүнө жана Кеңеш айылындагы Токбаев, Кочкорбаев асфальт көчөлөрүнө автоунаалардын ылдамдыгын азайтуучу тосмолорду коюуга уруксат берилсин.
2. Автоунаалардын ылдамдыгын азайтуучу тосмолорду коюуга тиешелүү иш кагаздарды көзөмөлдөө жер жана агрардык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |