КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 39/ VIII –27
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
Кеңеш орто мектебинин мүдүрү С. Койлубаеванын жана Буденовка орто мектебинин мүдүрү М. Кайдулатованын Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттери боюнча отчетун жана перспективдүү пландарын угуп жана талкуулап Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш орто мектебинин мүдүрү С. Койлубаеванын Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттери канааттандыраалык деп табылсын.
2. Буденовка орто мектебинин мүдүрү М. Кайдулатованын Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттери канааттандыраалык деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы мектеп мүдүрлөрү М. Кайдулатова жана С. Койлубаева тараптан катуу колго алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык жактан коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |