Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 41/ VIII –27
Бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы В.Гарбузняктын Буденовка орто мектебинин, “Нур-Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жана айыл өкмөтүнүн имаратынын терезе-эшиктери эскилиги жетип, жаңы терезе-эшикке алмаштырылгандыгын, ал эми мурунку терезе-эшиктери эскилиги жетип, жарактан чыгып калгандыгын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Буденовка орто мектебинин, “Нур-Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жана айыл өкмөтүнүн имаратынын терезе-эшиктери эскилиги жеткендигине байланыштуу, актынын негизинде эсептен чыгарылсын.
2. Бул токтомду аткаруу бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | А. Албекенов |