Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 43/ VIII –27
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн (Чүй, Талас облустары жана Бишкек шаары боюнча) 2017-жылдын 24-июлундагы “Мониторинг өткөрүү жөнүндө” “01-25/32к буйругуна ылайык, 2017-жылдын 25- июлунда Кочкорбаев айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлгөн. Мониторинг убагында Айыл өкмөтүнүн укуктук статусун, ишинин уюштурулушун, тартибин так регламенттөөчү, ошондой эле башка органдар, уюмдар, мекемелер жана жарандар менен мамилесин аныктоочу документ – Кочкорбаев айылдык кенешинин 2010-жылдын 23-январындагы № 58- токтому менен бекитилген, 2010-жылдын 29-январында Чүй облустук юстиция башкармалыгынан юридикалык жак катары каттоодон өткөн (ГПР№0089823) Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн Уставына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында болуп өткөн өзгөрүүлөргө туура келбегендигине байланыштуу, толуктоолорду киргизүүгө туура келери аныкталды. Ушуга байланыштуу мыйзамдын өзгөрүүлөрүнө ылайыкталып, Устав жаны редакцияландыгын угуп жана талкуулап Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл аймагынын “Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн – Уставы” мамлекеттик жана расмий тилде жаңы редакцияда бекитилсин. (Устав тиркелет)
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамында болуп өткөн өзгөрүүлөр эске алынып, Кочкорбаев айылдык Кенешинин 2010-жылдын 23-январындагы № 58-токтому менен бекитилген, 2010-жылдын 29-январында Чүй облустук юстиция башкармалыгынан юридикалык жак катары каттоодон өткөн (ГПР№0089823) Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн эски Уставы жараксыз деп табылсын.
3. Бекитилген Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн уставы Чүй облустук юстиция башкармалыгына юридикалык жак катары каттоодон өткөрүүгө жиберилсин.
4. Бул токтом Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн Kochkorbaev.aimak.kg веб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К. Керимкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |