Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 46/ VIII –27
Каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкулованын Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн муниципалдык автоунаасы эскилиги жеткендигине байланыштуу аукционго коюлуп сатылгандыгы жана азыркы убакта кызматтык автоунаа жок кыйынчылыктар болуп жаткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнө убактылуу кызматчы автоунааны ижарага алууга уруксат берилүүсү жөнүндө айтканын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы аукционго коюлуп сатылып кеткендигине байланыштуу, убактылуу автоунаа ижарага алынсын.
2. Автоунааны ижарага алуу акысыз болуп, күйүүчү май гана куюлуп турсун.
3. Автоунааны ижарага алуу үчүн документтерди даярдоо каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкуловага жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |