Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 49/ IX –27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси С. Адиковдун муниципалдык менчик объекттер боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер боюнча башкы адиси С. Адиковдун муниципалдык менчик объектилерди колдонууну көзөмөлдөө боюнча берген маалыматы кабыл алынсын.
2. Жер боюнча башкы адиси С. Адиков тарабынан Кеңеш айылынын тургуну Ж. Тыныстанов менен Кочкорбаев айыл өкмөтү ортосунда түзүлгөн турмуш-тиричилик үйүн арендага бергендиги тууралуу келишими 2018-жылдын 1-сессиясына чейин такталып, жооп берилсин.
3. “ЮВМ-Сервис” ачык акционердик коомунун иш аракеттерин тактоо үчүн жумушчу топ төмөдөгү курамдан түзүлүп бекитилсин:
1. Элгондиев Айдар –төрагасы;
2. Сариев Бекзада;
3. Карагулаков Мирлан;
4. Жангазиев Улан;
5. Изатов Тасин;
6. Шафиев Рафаиль;
7. Ниязов Керим;
8. Тыныстанов Рыспек;
9. Дурсунов Атамша;
10. Гарбузняк Владимир;
11. Алиев Бекзада.
4. Бул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |