Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы № 4
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин “Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 70 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде белгилөө тууралуу” Жарлыгынын Улуу Ата-Мекендик Согуштун катышуучуларынын жаркын элесин түбөлүккө элдин эсинде сактоо тууралуу пунктун аткаруу максатында Кызыл-Адыр айылындагы Т.Абдыкаров көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан 0,65га “Кызыл-Адыр Келечеги” уюмуна 49 жылга ижарага пайдаланууга берилген жерге Улуу Ата-Мекендик Согушка катышкан, курман болгон, Кара-Буура районунан кеткен ата-бабаларыбыздын атын ташка чегип жаздырып, мемориалдык комплекс куруп, “Баатырлар паркы” деп кайра аталсын деген сунушунун негизинде айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз ХХХII-сессиясынын 2012-жылдын 1-ноябрында кабыл алынган №3 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы №183 токтому Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз ХХХII-сессиясынын 2012-жылдын 1-ноябрында кабыл алынган №3 токтому күчүн жоготкондугуна байланыштуу жокко чыгарылсын.
3. Т.Абдыкаров көчөсүнүн түштүк тарабындагы “Кызыл-Адыр Келечеги” коомдук бирикмесине 49 жылга ижарага берилген 0,65га жер Кара-Буура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылсын
4. Жогоруда аталган жер “Баатырлар паркы” болуп аталсын, жана ал жерге Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон, катышкан Кара-Буура району боюнча ата-бабаларыбыздын, Афган, Баткен согушунда курман болгон агаларыбыздын, 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон боордошторубуздун аттары ташка чегилип жазылып, “Баатырлар паркы” мемориалдык комплексин 2015-жылдын 9-майына карата куруу жагына ар тараптан көмөк көрсөтүү жагы Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ч.Төрөкуловдон, Кара-Буура районунун бардык айылдык кеңештеринен, айыл өкмөттөрүнөн, мекеме-уюмдардарынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика, регламент комитетинин башчысы Б.С.Турдугуловго тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |