Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы № 5
“Кызыл-Адыр Ынтымагы” фондуна “Вертекс Голд” компаниясы Кызыл-Адыр айылындагы социалдык мекемелердин материалдык-техникалык базаларын чыңдоого которгон 200 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү максатында айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Вертекс Голд” компаниясы Кызыл-Адыр айылындагы социалдык мекемелердин материалдык-техникалык базаларын чыңдоого которгон 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты төмөндөгүдөй болуп бөлүштүрүлсүн:
- М.Орозбеков, Ж.Субанбеков, Манас орто мектептерине 30 000 (отуз миң) сомдон, жалпы 90 000 (токсон миң) сом,
- “Бүчүр”, “Ай-Данек”, “Сказка” балдар-бакчаларына 30 000 (отуз миң) сомдон, жалпы 90 000 (токсон миң) сом,
- Музыкалык мектеп жана ДОЦко 10 000 (он миң) сомдон, жалпы 20 000 (жыйырма миң) сом бөлүнсүн.
Бардыгы: 200 000 (эки жүз миң) сом
2. Жогорудагы социалдык мекемелер банктан өздөрүнө которуучу эсеп счетторун ачышсын.
1. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Кызыл-Адыр Ынтымагы” коомдук фондунун төрагасы М.Сагындыковго тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика, регламент комитетинин башчысы Б.С.Турдугуловго тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |