Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы № 6
Кызыл-Адыр айылындагы Ч.Айтматов көчөсүндөгү куурап, өсүү процесси токтоп калган караталдарды кыркып, ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу тууралуу А.Бекболотовдун маалыматын угуп, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылынын Ч.Айтматов көчөсүндөгү 239 даана каратал бак-дарактарын кыюуга уруксат берилсин жана ордуна жаңы жаш көчөттөр отургузулсун:
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 “ КР токойлорунда өсүп турган жеринде баалап, дарак породаларын турган жеринде баалап өткөрүлүүчү жыгачтарына таксаларды жана КР токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө” токтомунда көрсөтүлгөн төмөндөгүдөй бааларга ылайык сатылсын:
- ишке жарамдуу 1-сорттогулары: 1 м3 – 2181,27 сомдон;
- ишке жарамдуу 2-сорттогулары: 1 м3 – 2052,0 сомдон;
- ишке жарамдуу 3-сорттогулары: 1 м3 – 1717,6 сомдон;
- отуну : 1 м3 - 569,77 сомдон;
- чырпыгы: 1 м3 – 324,сомдон сатылып, айыл өкмөтүнө акча каражаттары кириштелсин.
3. Айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгондорго, жетимдерге жана башка жардамга муктаждарга акысыз отун жана чырпыктар берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |