Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 13-марты № 1
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекболотовдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы У.Раимбековдун маалыматын жана айылдык кеңешинин бюджет экономика боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Т.Токторалиевдин Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү тууралуу кошмо баяндамасын угуп Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2015-жылга кирешелер бөлүгү 35 976 700 (отуз беш млн. тогуз жүз жетимиш алты миң жети жүз) сом, анын ичинен 3 450 100 (үч млн. төрт жүз элүү миң бир жүз) сом атайын эсептен балдардын тамактануусуна, 1 000,0 миң (бир млн.)сом категориялык грандтан.
Чыгашалар бөлүгү 35 976 700 (отуз беш млн. тогуз жүз жетимиш алты миң жети жүз) сом өлчөмдө бекитилсин. (киреше жана чыгаша бөлүгүнүн толук тиркемелери тиркелет)
2. Жылдын аягына чейин жергиликтүү бюджеттен оңдоолор жана түзөөлөр., статьядан статьяга, разделден-разделге, кварталдан кварталга которуулар Кара-Буура айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы У.Раимбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |