Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 13-марты № 2
Кызыл-Адыр айылындагы Ч.Айтматов көчөсүндөгү кичи футбол аянтчасынын түндүк тарабына балдар ойноочу аянтча жана түштүк тарабына волейбол, баскетбол жана теннис спорт аянтчасын куруу тууралуу “Кызыл-Адыр Ынтымагы” коомдук фондусунун төрагасы М.Сагындыковдун маалыматын жана куруу планын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылындагы Ч.Айтматов көчөсүндөгү кичи футбол аянтчасынын түндүк тарабына балдар ойноочу аянтча жана түштүк тарабына волейбол, баскетбол жана теннис спорт аянтчасын курууга уруксат берилсин
- Курулуш иштерин каржылоо булагы ЖЧК “Вертекс Голд” компаниясы Кызыл-Адыр айылына жылына социалдык маселелерди чечүү үчүн каржылоочу 1 000 000 (бир млн) сом акча каражаты жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каржылансын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекболотовго жана “Кызыл-Адыр Ынтымагы” коомдук фондусунун төрагасы М.Сагындыковго тапшырылсын.
3 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу кимиссиясы жана муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |