Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 13-марты № 3
Кара-Буура айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдыкарованын Чоң Кара-Буура орто мектебинин аталышын Акымбеков Мамат атындагы орто мектеп деп аталышын өзгөртүү тууралуу маалыматын угуп, Акымбеков Мамат Улуу Ата Мекендик Согуштун Ардагери болгонун эске алуу менен айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң Кара-Буура айылындагы “Чоң Кара-Буура орто мектебинин” аталышы Акымбеков Мамат атындагы орто мектеп болуп аталышы өзгөртүлсүн
2. Бул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |