Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин кезектеги VI-чакырылышынын XХIII сессиясы
2015-жылдын 23-апрели № 1
Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовдун 2014-жылда аткарган иштери жана айыл өкмөтүнүн 2013-2016-жылдарга карата Стратегиялык өнүгүү программасынын аткарылышынын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу отчетун угуп, алымча кошумча сунуштарды эске алуу менен Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовдун 2014-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2013-2016 - жылдарга карата Стратегиялык өнүгүү программасын ишке ашыруунун үстүндө иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү жана бюджет жана экономика комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |