Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин кезектеги VI-чакырылышынын XХIII сессиясы
2015-жылдын 23-апрели № 3
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Бекболотов Кара-Буура айыл өкмөтүнүн электрик штаты жок болгондугуна байланыштуу бир штат, бакча кароочуга бир штат, Тараз-Талас жолунун боюндагы жаны тигилген көчөттөргө кароолчуга бир штат, Семетей кинотеатрдын астындагы Ч.Айтматовдун айкелин жана арча карагайларын кароо үчүн бир штат, КР буйругунун негизинде элди биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча бир штат, Үч-Булак айылындагы оорукчан кызды үйүнөн окутууга бир мугалимдин штатын карап берүүсүн сунуштады. Кара-Буура айылдык Кеңешинин депутаттары А.Т.Бекболотовдун сунушун угуп, карап көрүп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн келишиминин негизинде электрик бир штаты 5000(беш миң) сом, бакча кароочуга 2400 (эки миң төрт жүз) сом, Тараз-Талас жолунун боюндагы жаны тигилген көчөттөргө кароолчуга 6000 (алты миң) сом, Семетей кинотеатрдын астындагы кароолчуга 5500 (беш миң беш жүз) сом, биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча 5000(беш миң) сом, оорукчан кызды үйүнөн окутуу боюнча РайОО тарификациясынын негизинде 3600(үч миң алты жүз) сом айлык акысы каралып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Т.Б. Токторалиевге жана Кара-Буура айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У.Е.Раимбековко жүктөлсүн.
Төрага | Н. Усупбеков |