Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин кезектеги VI-чакырылышынын XХIII сессиясы
2015-жылдын 23-апрели № 4
Кара-Буура айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын депутаты Жумабеков Данияр Шейшеновичтин депутаттык ыйгарым укугун токтотуу максатында Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумабеков Данияр Шейшенович Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы мамлекеттик кызмат ордун ээлегендигине байланыштуу жана өз арызына ылайык 2012-жылдын 25-ноябрындагы №9 күбөлүгү жокко чыгарылсын жана депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Кийинки көп добуш алган катардагы депутатка мандат берүү жагы Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |