КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХI сессиясы
2015-жылдын 6-июну № 1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу максатында Кара-Буура айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагында элдин биримдигин жана этностор мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча 2015-2017-жылдар мезгилине биринчи кезектеги иш-чаралар планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Биринчи кезектеги иш чаралар планынын тийиштүү пунктарын ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана социалдык маданий маселелер боюнча комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |