Редакцияот 25.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХV сессиясы

 

2015-жылдын 25-августу № 1

Участкалык шайлоо комиссияларынын резервин бекитүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 19-статьясынын, 7-пунктуна ылайык Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айыл өкмөтүндөгү шайлоо участкаларындагы комиссиянын резерви №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык кеңешинин укук тартиби, мыйзамдуулук жана этика комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Усупбеков