Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы
2015-жылдын 12-ноябры № 2
Кызыл-Адыр айылындагы Суусамыр-Талас-Тараз авто трассасынын жээгиндеги өсүү процесси куурап токтоп жана тамырлары бошоп, кооптуу болгон бак-дарактарды кыркуу жана бутоо тууралуу айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовдун маалыматын угуп айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылынын Суусамыр-Талас-Тараз авто трассасынын автожолундагы 117 (бир жүз он жети) даана өсүү процесси куурап токтоп жана тамырлары бошоп, кооптуу болгон бактарды кыюга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 “ КР токойлорунда өсүп турган жеринде баалап, дарак породаларын турган жеринде баалап өткөрүлүүчү жыгачтарына таксаларды жана КР токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө” токтомунда көрсөтүлгөн төмөндөгүдөй бааларга ылайык сатылсын:
- ишке жарамдуу 1-сорттогулары: 1 м3 – 2181,27 сомдон;
- ишке жарамдуу 2-сорттогулары: 1 м3 – 2052,0 сомдон;
- ишке жарамдуу 3-сорттогулары: 1 м3 – 1717,6 сомдон;
- отуну : 1 м3 - 569,77 сомдон;
- чырпыгы: 1 м3 – 324,сомдон сатылып, айыл өкмөтүнө акча каражаттары кириштелсин.
3. Айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгондорго, жетимдерге жана башка жардамга муктаждарга акысыз отун жана чырпыктар берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго тапшырылсын.
5 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |