Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы
2015-жылдын 12-ноябры № 3
Кызыл-Адыр айылындагы 380/51,8-контурундагы Жаңы Конуштун 13-көчөсүнүн тургундарынын 13-көчөнүн атын Козубеков Ашырбек атындагы көчө деп атоо тууралуу кайрылуусун карап жана талкуулап Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылындагы 380/51,8-контурундагы Жаңы Конуштун 13-көчөсү Козубеков Ашырбек атындагы көчө болуп коюлсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |