ТоктомКүчүндө

Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин 2015-жылдын 4-декабрындагы № 1 «Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин акчалай сыйлык менен сыйлоо жөнүндө» токтому

Редакция04.12.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы

 

2015-жылдын 4-декабры № 1

Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин акчалай сыйлык менен сыйлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 17,28-беренелерине ылайык жана Кара-Буура айыл өкмөт башчысынын жана юристинин депутаттарга кайрылуусун карап айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын жыйынтыгы менен план тапшырмалар ашыкча аткарылгандыгына жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ишиндеги ийгиликтери үчүн бир айлык акчалай сыйлыктар менен сыйланышсын

2. Айыл өкмөтүнүн ийгиликтүү иш алып барган кызматкерлерин аныктап, аларды сыйлоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго тапшырылсын

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Усупбеков