Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 57/ IX –27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн ветеринардык даарыгери –адис И. Сулеймановдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.03.2017-жылдагы №93-б “Айыл чарба малдарын идентификациялоо иш-чараларды оперативдүү жүргүзүү” буйругуна ылайык, бодо малдарды идентификациялоо акысы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо акысы: 1 баш ири мүйүздүү малга: белгиге -38 сом, тейлегени үчүн 32 сом, жалпысынан 70 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн адиси И. Сулеймановго жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |